Көрүлдү: 570
Бүгүн, 7-февралда, Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул Жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Анда министрдин 2024-жылдын 2-июлундагы буйругу менен бекитилген, чет тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча талкуу болду. Жыйынга борбордук жана региондогу университеттердин өкүлдөрү катышып, маалыматтарды беришти. Жыйында университеттердин окутуучуларынын англис тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча маселелер жана иш-чараларды аткаруу жана алардын натыйжаларын мониторингге алуу боюнча сунуштар каралды.