Көрүлдү: 45
Ага Хан өнүктүрүү уюмунун негиздөөчүсү жана төрагасы Карим Аль-Хуссаини, Ага Хан IV, 2025-жылдын 4-февралында 88 жашында Португалиянын Лиссабон шаарында дүйнөдөн кайтты.
Карим Аль-Хуссаини Кыргызстандын билим, илим тармагына зор салымын кошту. Ал түптөгөн Ага Хан өнүктүрүү уюму Кыргызстанда чейрек кылым бою иштеп, социалдык, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө долбоорлорду ишке ашырды. Уюм тарабынан негизделген Борбордук Азия университети жана анын академиялык бөлүмдөрү миңдеген кыргызстандык жаштарга сапаттуу билим берип, туурунан учурду.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана Ага Хан уюмунун жалпы жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.