Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Көрүлдү: 490

Бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева министрликтин коомдук кабылдамасында жарандар менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда Кыргыз шахмат союзунун өкүлдөрү өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарына шахмат сабагын киргизүүнү сунуштады. Министр бул сунушту колдоого аларын билдирди.

Ошондой эле, Балдар онкологиясындагы госпиталдык мектептин имаратын кеңейтүү боюнча сунуш болду. Министр бул маселени тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте карап чыгууну убада кылды.

Эске сала кетсек, министр жана анын орун басарлары бекитилген графикке ылайык ар аптада иш күндөрү жарандарды кабыл алышат.

Министрликтин коомдук кабылдамасынын телефон номери: +996 (312) 62-05-19.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар