Көрүлдү: 482
Министр Догдуркүл Кендирбаева “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдан 2027-жылга (1-этап) чейинки орто мөөнөттүү мезгилге иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” буйрукка кол койду.
Аталган буйрук менен министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерине белгиленген мөөнөттө Иш-чаралар планын талаптагыдай аткаруу боюнча бардык зарыл чараларды көрүү жана ар бир кызматкерине кол коюу менен тааныштыруу милдеттендирилди.