Көрүлдү: 480
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы менен бир нече мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди.
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык:
- коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адам белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат;
- коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн (соттуулугу жоюлганына карабастан) күнөөлүү адамга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынат;
- жубайы же жакын туугандары белгиленген тартипте оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган же болбосо ага (талапкерге) карата кылмыш-жаза иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган учурда андай талапкер аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын түзүмүнө кабыл алынбайт;
- коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарга, күнөөсүн моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүлсө, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымы дайындалат;
- эми кызмат адамынын наркы акыркы эки жылда иштеп тапкан жана мыйзамдуу булактар менен ырасталган расмий кирешелеринен ашып кеткен мүлктү менчикке (пайдаланууга) сатып алуусу же мындай мүлктү жакын туугандарына же башка адамдарга өткөрүп берүүсү да мыйзамсыз баюу деп эсептелет ж.б.
Ошондой эле эми Пара алуу, Опузалап пара алуу, Пара алууда ортомчулук кылуу, Пара берүү беренелери боюнча жоопкерчиликке тартылып, күнөөлүү деп таанылган адамдарга жаза чарасы күчөтүлдү.
Эгерде сиз өзүңүз иштеген мекемеде коррупциялык көрүнүштөргө күбө болсоңуз же болбосо коррупциялык тобокелчиликтер боюнча маалыматыңыз болсо, кимдир бирөөлөр сизге коррупциялык сунуш менен кайрылышса, биздин коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерибизге же өлкөбүздүн укук коргоо органдарына кайрылыңыз.
КР БИМдин ишеним телефону: +996(312) 62-05-19 (иш күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө чейин телефон чалууларды кабыл алат).