Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТРЛИКТЕ ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Көрүлдү: 0

2025-жылдын 20-22-январларында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илимий-техникалык кеңешинин жыйыны өттү.

post.title

Жыйындын күн тартибине ылайык 2024-жылда республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин аткарылышы боюнча эксперттик кеңештин жетекчилеринин отчеттору угулду.

Белгилей кетсек, 2024-жылы жалпысынан 135 тема боюнча илимий- изилдөөлөр республикалык бюджеттен каржыланган. Анын ичинен 87 тема боюнча улануучу, 48 тема боюнча аяктоочу изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Анын ичинен табигый илимдер багытында 11 тема, техникалык илимдер багытында 33 тема, айыл-чарба илимдер багытында 40 тема, социалдык-гуманитардык илимдер багытында 16 тема, медициналык илимдер багытында 35 тема боюнча отчеттор угулду.

 Үч күндүк отурумдун жыйынтыгында  93 илимий изилдөөлөр боюнча отчеттор кабыл алынса,  42 илимий изилдөө боюнча отчетторду бир айдан кийин Илимий-техникалык кеңештин жыйынында изилдөөлөрдү жүргүзгөн жетекчилерин чакыруу менен кайрадан угуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Ошондой эле, 2025-жылга карата республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу темалардын  тизмесин аныктоо боюнча талкуу жүрүп, 10 тема каржылоого сунушталууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар