Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР “АЛТЫН КАЗЫК” НОУТБУГУНУН САПАТЫН ЖАНА АГА ЖҮКТӨЛГӨН ПРОГРАММАНЫ ТЕКШЕРДИ

Көрүлдү: 114

Бүгүн, 20-январда, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер үчүн бериле турган “Алтын Казык” ноутбуктарынын сапатын текшерип, аларга жүктөлгөн программаларды көрүп чыкты.

post.title

Белгилей кетсек, “Алтын Казык” ноутбуктарына “Санарип кампа” санариптик билим берүү платформасы жүктөлгөн. Анда STEM предметтери боюнча кошумча окуу материалдары камтылган. 

Платформа мугалимдерге жана окуучуларга сапаттуу, жеткиликтүү, интерактивдүү жана заманбап билим берүү материалдарын кыргыз жана орус тилдеринде берүү максатында иштелип чыккан.

Платформада видеосабактар, презентациялар, интерактивдүү симуляторлор, инфографика, 3D-моделдер, тесттик көнүгүүлөр бар. Ошондой эле жаңыдан иштелип чыккан «Э-күндөлүк» – окууну башкаруу системасы «Санарип кампанын» бир тутуму катары иштейт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар