Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТРДИН, МЕДИЦИНАЛЫК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН РЕКТОРЛОРУНУН ПАКИСТАНДАГЫ ИШ САПАРЫ

Көрүлдү: 368

Үстүбүздөгү жылдын 13-январында, Кыргыз Республикасынын делегациясы Пакистан Ислам Республикасынын алдыңкы медициналык университеттеринде жана мекемелеринде болушту.

post.title

Делегациянын курамында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исраилова, дипломатиялык өз ара аракеттенүүнү координациялаган Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчиси Авазбек Атаханов, ошондой эле Кыргызстандын алдыңкы мамлекеттик жана жеке менчик университеттеринин ректорлору бар.

Делегация кызматташтыкты чыңдоо, Пакистандын Медицина жана стоматология кеңешине (PMDC) кирүүдө пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү, ошондой эле медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелерин биргелешип талкуулоо жана жогорку медициналык билим берүү жаатында андан ары кызматташуу боюнча иш алып барды.

Визиттин негизги максаты - жогорку медициналык билим берүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө, квалификацияларды өз ара таануу маселелерин талкуулоо жана билим берүү программаларынын, илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуунун үстүндө биргелешип иш алып баруу.

Иш-чаранын алкагында делегация PMDC өкүлдөрү менен жолугушуп, Пакистандагы медициналык жана стоматологиялык билим берүүнүн негизги жөнгө салуучусу, программанын сапатын жогорулатуу куралдарын киргизүү, адистерди аккредитациялоо жана эл аралык стандарттарды колдонуу боюнча тажрыйбасын сунуштады.

Андан сырткары кызматташтыктын перспективалары талкууланып, анын ичинде Кыргызстанда PMDC ийгиликтүү моделдерин адаптациялоо, биргелешкен билим берүү жана изилдөө демилгелерин иштеп чыгуу, аймактык деңгээлде адистердин мобилдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн билим берүү документтерин жана квалификацияларын өз ара таануу куралдары, жогорку медициналык билим берүүнү өнүктүрүү жана изилдөө маселелерине арналган эл аралык форум өткөрүү жөнүндө сөз болду.

Андан соң Равалпинди улуттук медициналык илимдер университетине жана Исламабаддагы Шахид Зульфикар Али Бхутто медициналык университетинде болуп, делегация мүчөлөрү уникалдуу билим берүү тажрыйбалары менен таанышып,  биргелешкен билим берүү программаларын түзүү жана ишке ашыруу, студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүктү жана стажировкаларды өнүктүрүү, билим берүү процесстерине санариптик технологияларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн карашты.

Ошондой эле делегация, Пакистандын жогорку билим берүү комиссиясы (ЖБК) менен жолугушуп, жогорку медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, биргелешкен билим берүү программаларын жана кош дипломдуу программаларды иштеп чыгуу, студенттер, окутуучулар жана изилдөөчүлөр үчүн кыска мөөнөттүү стажировкаларды, алмашууларды уюштуруу, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жолдорун талкуулашты.

Мындай биргелешкен билим берүү демилгелерин киргизүү жана квалификацияларды өз ара таануу кадрларды өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, академиялык мобилдүүлүктү күчөтөт жана эки өлкөнүн медициналык адистеринин эл аралык аренадагы позициясын бекемдейт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар