Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ТҮРКИЯНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ ЮСУФ ТЕКИН МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 755

Исламабадда (Пакистан) мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусуна арналган эл аралык конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркиянын билим берүү министри Юсуф Текин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

post.title

Жолугушууда түрк билим берүү мекемелерин бекемдөө жана өнүктүрүү, ошондой эле билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө маселелери талкууланды. Кыргыз тарап Түркияга билим берүү долбоорлоруна колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу зарылдыгын макулдашты.

Эки тарап тең билим берүү тармагындагы жалпы максаттарды ишке ашырууга өбөлгө түзгөн билим берүү программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгуу аркылуу өлкөлөр ортосундагы байланышты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар