Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
Д. КЕНДИРБАЕВА: КЫРГЫЗСТАНДА КЫЗДАРДЫН STEM КӨНДҮМДӨРҮН ЖАНА IT КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА АКТИВДҮҮ ИШ ЖҮРҮҮДӨ

Көрүлдү: 372

Пакистандын борборунда өтүп жаткан мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусуна арналган эл аралык конференцияда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөдү.

post.title

Министр өз сөзүндө туруктуу өнүгүүнүн негизи катары билим берүүдөгү гендердик теңчиликтин маанилүүлүгүн белгилеп, бул жаатта Кыргызстандагы кыздардын билим алуудагы ийгиликтерин, биздин өлкөдөгү билим алуудагы бирдей мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтты.

«Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын технологияларга жана табият таанууга болгон кызыгуусун арттырып, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана чыгармачылык жөндөмүн өстүрүүгө шарттар түзүлүүдө. Бул кадамдар кыздардын мындан аркы инновациялык багытта билим алуусуна бекем пайдубал түзөт”, – деди Д. Кендирбаева.

Министр кыздардын билим алуусу үчүн жаңы горизонтторду ачууда жасалма интеллекттин ролуна көңүл буруп, жынысына карабастан ар бир адам үчүн инновациялык технологияларга бирдей жетүүнүн зарылдыгын да белгиледи. Ошол эле учурда санариптик теңсиздик менен байланышкан көйгөйлөр козголуп, кыздарды санариптик доордун жаңы реалдуулуктарына даярдоо зарылчылыгы айтылды.

Программанын алкагында министр Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шариф тарабынан уюштурулган кабыл алууга катышты. Иш-чарага мусулман өлкөлөрүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү, анын ичинде министрлер, билим берүү боюнча эксперттер жана эл аралык уюмдардын лидерлери катышты.

Мамлекеттердин билим берүү тармагында кызматташуусун бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Мусулман жамааттарында аялдардын жана кыздардын туруктуу өсүп-өнүгүүсү үчүн аялдардын жана кыздардын билими кандай роль ойной тургандыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар