Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДЫК ДЕЛЕГАЦИЯ КЫЗДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШУУДА

Көрүлдү: 804

Исламабадда (Пакистан) мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусуна арналган эл аралык конференция өтүп жатат. Иш-чарага мусулман өлкөлөрүнүн министрлери, эксперттер жана эл аралык уюмдар катышууда.

post.title

Конференциянын ачылышы негизги лидерлерди жана кызыкдар тараптарды бириктирди. Анда мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусундагы кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр талкууланды. 

Конференцияда Кыргыз Республикасынын атынан билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөйт. Ал билим берүүдө гендердик теңчилик жаатындагы жетишкендиктери, анын ичинде STEM багыттарын өнүктүрүү жана кыздардын билим алуусундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча чаралары менен тааныштырат. 

Министрдин бул иш-чарага катышуусу өлкө боюнча баарына сапаттуу билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга умтулуусун, ошондой эле тажрыйба алмашууга жана кыздардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча глобалдык аракеттерди колдоого болгон умтулуусун баса белгилейт. 

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Жогорку билим берүү комиссиясы жогорку билим берүү тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар