Көрүлдү: 3137
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” билим берүү мекемелер тармагынын “Маариф” эл аралык фондунун башкаруусуна өткөрүлүшүнө байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.
Буга чейин кабарлангандай, “Сапат” билим берүү мекемелер тармагын “Маариф” эл аралык фондунун башкаруусуна өткөрүү чечими кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилегендей, бул чечим “Сапат” билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын, окуучуларынын, студенттеринин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективаларын жакшыртат деген ишеничте кабыл алынган.
“Маариф” эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, “Сапат” билим берүү мекемелер тармагынын “Маариф” эл аралык фондунун башкаруусуна өтүшү билим берүү мекемелеринин ишмердигин үзгүлтүккө учуратпайт. Билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Мамлекеттик билим берүү стандарттарына, предметтик стандарттарга, базистик окуу пландарына жана окуу программаларына ылайык билим берүү процесси уюштурулат. Тарбиячылар, мугалимдер жана окутуучулар мурдагыдай эле өз кесибин аркалай беришет. Тарбиялануучулар, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантышат. Билим берүү процессинин ар бир катышуучусунун укуктары корголот.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги аталган фонддун өкүлдөрү менен жолугуп, “Сапат” билим берүү мекемелер тармагында билим берүүнүн сапатын азыркы деңгээлинен түшүрбөө, колдон келсе, азыркыдан да жогору деңгээлге чыгаруу керектигин баса белгиледи.