Көрүлдү: 2712
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде 8-9-январда мектепке чейинки жана жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты талкууланууда.
Иш-чаранын максаты – Мектепке чейинки жана жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын долбоорун талкуулоо жана мектептик билим берүүнүн ар кандай баскычтарында предметтик стандарттарды иштеп чыгуу талаптарын жөнгө салуучу фундаменталдык документ катары мектептер үчүн предметтик стандарттын бирдиктүү моделин түзүү.
Талкууга Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басарлары Надира Джусупбекова, Лира Самыкбаева, Кыргыз билим берүү академиясынын жетекчилиги жана жамааты, Билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү жана билим берүү тармагындагы эксперттер катышууда.
КББАнын президенти, жумушчу топтун башчысы Назира Дюшеева белгилегендей, жумушчу топтун милдети – биринчи кезекте мугалимдер үчүн түшүнүктүү жана аны ишке ашырууда жеңил болгудай документти иштеп чыгуу.
"Бүгүн биз ишибиздин жыйынтыгын көрсөтүп, абдан жакшы сунуштарды алдык. Сунуштар жана пикирлер айтылды, биз алардын үстүндө иштейбиз. Жалпысынан сунуштаган долбоорлордун 80-90% жактырылды. Эки күндүн ичинде негизги Базистик окуу планды талкуулап, жыйынтыктайбыз", - деп баса белгиледи Н.Дюшеева.
Эки күндүк иш-чаранын алкагында Базистик окуу планына өзгөртүүлөр киргизилип, предметтик стандарттын жана окуу программасынын бирдиктүү макети иштелип чыгат.