Көрүлдү: 1547
Бүгүн, 27-декабрда, “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өтө турган жаңы жылдык балатыга келген балдар менен жолугуп, аларды куттуктады.
“Силер “Президенттик балатыга” эң сыйлуу конок болуп келдиңер. Эң бактылуу балдардан болушуңар үчүн биз бардык аракеттерди жасап жатабыз. Силер аркылуу өлкө башчысы бардык Кыргызстандын балдарын жаңы жылы менен куттуктайт”, – деди министр Д. Кендирбаева.
Балдар “Жаңы жылдык жомок” концертин көрүп, белектерди алышты.
Эске сала кетсек, жыл сайын мамлекет башчысынын катышуусунда өткөрүлүүчү "Президенттик балаты" оюн-зоок программасына өлкөнүн булуң-бурчунан жүздөгөн окуучулар келип катышат. Быйыл бул иш-чарага 450 бала чакырылган.