Көрүлдү: 2416
Бүгүн, 25-декабрда, онлайн режимде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемеси менен Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин жана “Просвещение” акционердик коомунун ортосунда жалпы билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Меморандумга кол коюу аземине кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин директору Ильяс Сарыбаев, россиялык тараптан Россия Федерациясынын агартуу министринин орун басары – статс-катчысы Андрей Корнеев, Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин Билим берүү жана эл аралык кызматташуу улуттук системасын интеграциялоо департаментинин директору Усман Рассухов, директордун орун басары Идрис Газдиев, “Просвещение” АКнын башкы директору Михаил Кожевников катышты.
Аталган меморандумдун алкагында тараптар окуу басылмаларын иштеп чыгуу, адаптациялоо жана пайдалануу жаатында мыкты тажрыйбаларды жайылтууда, Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы билим берүү предметтери боюнча окуу китептерин чыгарууда, ошондой эле адаптацияланган окуу басылмалары боюнча иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууда же кесиптик жактан кайра даярдоодо жана Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн билим берүү өнүмдөрүн жана процесстерин санариптештирүүдө кызматташышат.
