Маалыматтык саясат сектору
Маалыматтык саясат сектору
БИШКЕКТЕГИ 13 ОКУУ ЖАЙГА МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ЫРААЗЫЛЫК КАТТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

Көрүлдү: 1744

Бишкектеги 13 окуу жайдын кызматкерлерине жана студенттерине Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын кɵз карандысыздыгынын 33 жылдыгына арналган ири масштабдагы маданий иш-чараларды уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тɵрагасынын атынан ыраазылык билдирилди. Кызматкерлер менен студенттерге Төраганын Ыраазылык каттарын министрдин орун басары Абазбек уулу Расул кечээ, 24-декабрда, Билим берүү жана илим министрлигинде салтанаттуу түрдө тапшырды.

post.title

Атап айтканда, төмөнкү окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери министрдин орун басарынын колунан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Ыраазылык каттарын алышты:
- Ж. Баласагын атындагы КУУ; 
- И. Арабаев атындагы КМУ;
- И. Раззаков атындагы КМТУ;
- М. Рыскулбеков атындагы КЭУ;
- Б. Турусбеков атындагы КМДСА;
- И. Ахунбаев атындагы КММА;
- Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
- К. Карасаев атындагы БМУ;
- Т. Эрматов атындагы БМПИ;
- К. Скрябин атындагы КУАУ;
- Кыргызстан эл аралык университети;
- ИИМдин Генерал-майор Э.А. Алиев атындагы Академиясы;
- К. Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжи.


Эске сала кетсек, 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 270 “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында масштабдуу концерттик иш-чаралар өткөрүлгөн, аларга жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттери да тартылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар