Көрүлдү: 2329
2024-жылдын 25-декабрында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тест өткөрүлүүдө.
Тестирлөөгө өлкөнүн бардык аймактарынан 294 талапкер катышууда.

Эскерте кетсек, азыркы учурда республика боюнча 457 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундары бош.
Сынак Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан өткөрүлүүдө.