Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕКТЕ ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛОО МАСЕЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

Көрүлдү: 174

2024-жылдын 19-декабрында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнү трансформациялоо жана 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шарттарында жогорку педагогикалык билим берүүнү реформалоо маселелерине арналган тегерек стол болуп өттү.

post.title

Ага билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басарлары: Абазбек уулу Расул, Надира Джусупбекова, министрликтин өкүлдөрү, Кыргызстандагы педагогикалык ЖОЖдордун ректорлору, окутуучулары, мектептердин директорлору жана билим берүүнү трансформациялоо жаатындагы эксперттер катышты. 

Тегерек столдун максаты Кыргызстандын 12 жылдык жалпы орто билим берүүгө өтүү концепциясын жана анын педагогдорду даярдоого тийгизген таасирин талкуулоо,  Мамлекеттик билим берүү стандартын, мугалимдердин кесиптик стандарттарын жана педагогикалык ЖОЖдордун билим берүү программаларын реформалоо зарылдыгын кароо болуп саналат.

Иш-чарада министр Д. Кендирбаева өлкө башчысы Билим берүү жана илим министрлигине Кыргызстандагы адам капиталын, адам ресурсун өнүктүрүүнү жогорку сапатка көтөрүү боюнча чоң талап койгонун айтып, аны ишке ашыруу максатында билим берүү системасын трансформациялоого багытталган “Алтын Казык” программасы сунушталганын белгиледи. 

“Өзөктүү маселе катары мектептеги, мектепке чейинки уюмдагы жана жогорку окуу жайдагы бүтүндөй педагогикалык адистерди даярдоо боюнча жоопкерчиликти жогорулатуу иштери аныкталган. Бүгүн жогорку окуу жайларынын ректорлорун чакырып,  эң алдыңкы технологиялардын негизинде Мамлекеттик билим берүү стандартын жана предметтик стандарттарды иштеп чыгалы, аларга шайкеш келген окуу китептерин басып чыгаралы деп жатабыз”, – деди министр. 

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков бул иш-чаранын эң негизги өзгөчөлүгү мектептердин жана педагогикалык кадрларды даярдаган окуу жайларынын өкүлдөрү катышып жаткандыгында экенин айтып, буларга токтолду: “Мектептерге сабак берген мугалимдерди даярдаган жогорку окуу жайларында дагы чоң жоопкерчилик бар. 12 жылдык билим берүүдө жогорку окуу жайларында дагы окуу мөөнөттөрүн кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мурун бизде мектеп менен жогорку окуу жайынын ортосунда талкуу аз болуп, көйгөй жаралчу. Көп учурда биз мектептен жакшы окуучулар келбей жатат десек, мектептеги мугалимдер жогорку окуу жайдан мыкты студенттер чыкпай жатат деген шылтоо менен жүрчүбүз. Бүгүнкү иш-чара келечекте сапаттуу педагогикалык кадрларды даярдоого шарт түздү. Мектеп менен ЖОЖдун каалоосу бирдей болгондо гана биз сапаттуу мугалимди даярдай алабыз”.

Иш-чарада мектептик билим берүүнү трансформациялоо шарттарында педагогдорго коюлуучу заманбап талаптарды эске алуу менен аларды даярдоонун сапатын жогорулатуу боюнча жол картасынын долбоорун иштеп чыгуу тууралуу да сөз болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар