Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ИЛИМДИН МЫКТЫЛАРЫ МИНИСТРЛИКТИН ТӨШ БЕЛГИСИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 433

Бүгүн, 19-декабрда Улуттук илимдер академиясынын капиталдык ремонттон өткөндөн кийинки имаратын ачуу аземинде Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бир катар сыйлыктарды ыйгарды.

post.title

Улуттук илимдер академиясынын 70 жылдык маарекесине карата көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, жетишкендиктери, билим берүү жана илим тармагына кошкон салымы үчүн “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен академиянын түштүк бөлүмүнө караштуу Медициналык-биологиялык көйгөйлөрдү илимий-изилдөө институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты Тойчуев Рахманбек Маматкадырович жана академиянын түштүк бөлүмүнүн Жаратылыш байлыктары институтунун лаборатория башчысы Калдыбаев Нурланбек Арзымаматович сыйланды . 

Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен Акматбек Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институнун директорунун милдетин аткаруучу, техникалык илимдердин доктору Абидов Абдыкадыр Омарович, академиянын Медициналык-биологиялык көйгөйлөрүн илимий-изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Аргынбаева Акмарал Турдалыевна, академиянын Жаныбек Жеенбаев атындагы Физика институтунун кристаллофизика жана радиометрия лабораториясынын башчысынын милдетин аткаруучу, физика-математика илимдеринин кандидаты Мамытбеков Уланбек Кыдырович сыйланды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар