Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КАТАР КАЙРЫМДУУЛУК УЮМУ МЕКТЕПТЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРДИ

Көрүлдү: 361

Катар кайрымдуулук уюму Кыргызстандын мектептери үчүн 500 даана мектеп партасын жана 500 даана отургуч тапшырды.

post.title

2024-жылдын 17-декабрында Билим берүү жана илим министрлигинде Катар кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Анда Догдуркүл Кендирбаева министрлик Катар кайрымдуулук уюму менен кызматташтыгын мындан да бекемдээрин жана уюм тарабынан берилген жардамдар жогору бааланарын белгиледи. 

“Колдоого муктаж, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көңүл буруу керек. Өлкө боюнча отуздан ашык окуу жайы бар. Алардын жатаканаларын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, балдардын кесип алып чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүү керек”, – деди министр. 

Катар кайрымдуулук уюмунун директору Абдулькадыр Имам Аль Башейр маселелердин баарын чечүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, министрлик алдыдагы реформаларды ийгиликтүү ишке ашырарына ишенерин билдирди.
Жолугушууда аталган уюм тарабынан 2025-жылы төрт мектептин курулуш иштери башталары маалым болду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар