Көрүлдү: 676
12-декабрда министрдин орун басары Лира Самыкбаеванын жетекчилиги астында Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңештин жыйыны болуп өттү.
Бул жыйында Казакстан Республикасынын “Борбордук Азиядагы билим берүүнү аккредитациялоо ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесин Кыргыз Республикасынын аймагында аккредитациялык агенттик катары таануу маселеси каралып, арыз ээси тапшырган документтердин мазмуну биздин өлкөнүн ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келбегендиги үчүн таануудан баш тартуу чечими кабыл алынды.
Ошону менен катар, жаңы укуктук ченемдик актылардын талаптарына ылайык аккредитациялык агенттиктердин ишине мониторинг жүргүзүү үчүн тартылуучу эксперттерди сертификациялоонун жыйынтыгы чыгарылды. Окутуудан жана онлайн тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндөр 3 жылдык мөөнөткө эксперт катары таанылды жана аларга эксперттин күбөлүгү тапшырылды.
Отурумдун жүрүшүндө аккредитациялык агенттиктердин 2023-жыл жана 2024-жылдын 3 кварталы үчүн отчеттору угулду.
Аккредитациялык агенттиктердин документтеринин жаңы ченемдик укуктук актылардын талаптарына туура келишин талдоо боюнча комиссиянын жыйынтык корутундулары талкууланып, агенттиктерге бир катар сунуштар берилди.
Белгилей кетсек, 2025-жылдан тартып агенттиктердин ишмердүүлүгүнө мыйзам чегинде системалуу мониторинг жүргүзүлөт.