Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН БОШОГОН ИМАРАТЫНДА БАЛДАРДЫ ЭРТЕ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 390

Бүгүн, 21-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районунун Ставрополовка айылында “Аяна” балдарды эрте өнүктүрүү борбору ачылды.

post.title

Салтанаттуу иш-чарага билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гульмира Кыштобаева, БУУ ЮНИСЕФ  Эл аралык балдар фондунун башчысы  Самман Джунг Тапа, жергиликтүү мекеме башчылары жана айылдын тургундары катышты. 

Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө Президент Садыр Жапаров  жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан  ар бир балага кенже курактан баштап өнүгүү шартын түзүү эң өзөктүү маселе катары коюлуп, бул ар дайым көңүл борборунда турганын, ал кенже курактагы балдар үчүн  канчалык пайдалуу экендигин айтып өттү.

“Кенже курактагы түзүлгөн эң жагымдуу өнүгүү шарттары балага түбөлүк кызмат кылат.  Муну илим далилдеген. Кичинекей кезинде мээримге тойбогон, ата-энеси кучактабаган бала, кичинекей кезинде бешик ырын укпаган бала, кичинекей кезинде жомок укпаган бала өмүр бою көөдөнү өксүк, бош болуп калат. Эгерде силер карыганда балдарыңардын камкор болушун кааласаңар, аларды кенедей кезинен көп кучактап, болгон мээримиңерди төгүп, жакшы сөзүбүздү аябай айтышыбыз керек. Балдар биздин  байлыгыбыз, тагдырыбыз  жана келечегибиз. Кыргызстандагы эң биринчи саясат кенже курактагы ар бир баланы өнүктүрүү. Мээрим бекер, аны аябагыла, жакшы сөз айтканды үйрөтүшүбүз керек. Баланын бактылуулугу сиздин чөнтөгүңүзгө, чоң үйүңүзгө таптакыр байланышкан эмес. Баланын бактылуулугу сиздин бир кучактап койгонуңузга байланыштуу, - деди министр.  

Кыргызстанда азыр 300 китепканаларда балдарды өнүктүрүү борборлору ачылды.

Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талантбек Арыковдун маалыматы боюнча, бүгүн ачылган “Аяна” балдарды эрте өнүктүрүү борборунун имаратында мурун айыл өкмөтү отурчу.

“Мектептин алдында дагы бардык шарттары менен түзүлгөн бала бакчабыз иштеп жатат. Айылда 100 ашык бала бакча курагында бала бар. Алардын 30 бала бакчага барса, калганы эрте өнүктүрүү борборуна келишет”, - деди Т.Арыков.

Чүй облусу боюнча учурда 47 балдарды эрте өнүктүрүү борбору иштеп жатат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар