Көрүлдү: 337
Бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.
Жарандар билим берүү мекемелеринде орун алган ар түрдүү маселелер боюнча кайрылышты. Министрдин биринчи орун басары арыздануу жана даттануулар боюнча жеринде териштирүү үчүн комиссия түзүлүп, ар бир кайрылуу мыйзам чегинде караларын билдирди.
Мындан тышкары, Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын президенти Айдарбек Усукеев окуу жайдын абалы, капиталдык оңдоп түзөөгө муктаж экенин билдирип кайрылды.
Ошондой эле, Кыргыз Циркине жаш муундарды тарбиялоо боюнча сунушу менен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кадырбек Таджиев кайрылды.
Белгилей кетсек, министр жана анын орун басарлары ар жуманын белгиленген күндөрү жарандарды кабыл алат. Толук маалымат алуу үчүн коомдук кабылдаманын телефону: +996 (312) 62-05-19.