Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕКТЕ БОРБОРДУК АЗИЯ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН РЕКТОРЛОРУНУН ФОРУМУ БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 499

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик резиденциясында, "Энесай" кабыл алуу үйүндө Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган Борбордук Азия ЖОЖдорунун ректорлорунун форуму өтүп жатат.

post.title

Иш – чаранын темасы - "Глобалдык чакырыктардын контекстинде Борбордук Азия университеттерин трансформациясы".  

Форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын куттуктоо сөздөрү менен башталды. Министр өз сөзүндө университеттер инновациялардын жана туруктуу өнүгүүнүн борбору болушу керектигин белгиледи.

Пленардык отурумдун жана панелдик сессиялардын алкагында Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген ЖОЖдордун ректорлору университеттерди трансформациялоо, академиялык өнөктөштүк жана илим менен бизнести интеграциялоо маселелерин талкуулашат. Ошондой эле региондогу ЖОЖдордун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюу жана форумдун жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алуу күтүлүүдө.

Форум YouTube платформасында түз алып берилүүдө: https://youtu.be/w1ywkl8y-qw 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар