Көрүлдү: 590
Өлкөбүздүн билим берүү тармагы орду толгус жоготууга учурады.
2024-жылдын 15-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Административдик, финансылык жана маалыматтык укук” кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору, тарых илимдеринин кандидаты Молдоев Эдилбек Эсенович 65 жаш курагында көз жумду.
Эдилбек Эсенович 1959-жылы 30-июнда Нарын облусунда туулган. 2008-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси, лицензиялоо жана аттестациялоо (аккредитациялоо) боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы болуп эмгектенген.
Эдилбек Эсеновичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жоготуу азабын жана кайгысын тең бөлүшөбүз.
Д. Кендирбаева, Б. Супаналиев, Расул Абазбек уулу, Н. Джусупбекова, Л. Самыкбаева, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы жамааты