Көрүлдү: 312
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 17-ноябрда, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катышып, өз добушун берди.
Министр бүгүн Жалал-Абад облусундагы эки күндүк иш сапарынан Бишкек шаарына кайтып келип, № 9101 шайлоо участогу жайгашкан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине барды.
Ал жерден Д. Кендирбаева жарандык миссиясын аткарып, жергиликтүү кеңештин депутаты мандатын алуу үчүн ат салышып жаткан талапкерлерге добуш берди. Андан кийин министр шайлоо участогуна келген шайлоочулар менен баарлашып, жаштарды жигердүү болууга, шайлоолордо өз добушун берип, жарандык милдетин так аткарууга чакырды.
"Биз дайыма сындайбыз, бирок тагдыр чечүүчү жагдайда жарандык милдетибизди толук аткарбайбыз. Шайлоо аркылуу да биз өз оюбузду билдирген болобуз", - деди министр.
Белгилей кетсек, Д. Кендирбаева шайлоого күн мурунтан онлайн катталып, бүгүн өзү туулуп өскөн айылындагы жергиликтүү кеңештин депутатына талапкерлерге добуш берди.