Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕКТЕ КЫРГЫЗ ИЛИМИНИН АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИНЕ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТӨТ

Көрүлдү: 350

Пресс-анонс:

post.title

2024-жылдын 14-ноябрында Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандын илимий чөйрөсүнүн өнүгүшүнө жана жетишкендиктерине, ошондой эле илимий прогресстин актуалдуу маселелерине арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С. Касмамбетов, билим берүү жана илим министри Д. Кендирбаева ж.б. жетекчилер катышат. Иш-чара саат 9.00дө башталат.

Иш-чаранын алкагында "Кыргызстандын илимин өнүктүрүү – ийгиликке карай жол" аталышында кереге кеңеш өткөрүлөт. Анда илимий прогресстин негизги багыттары, анын ичинде академиялык илимдин абалы, фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдүн ролу, ошондой эле билим берүүгө санариптештирүүнүн таасири талкууланат.

Катышуучулар эл аралык рейтингдерде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын илимий көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, медицинада жана башка чөйрөлөрдө инновацияларды киргизүү маселелери боюнча ой калчашат.

Илим күнү учурдагы жетишкендиктердин чагылышы гана болбостон, илимий жана билим берүү иш-аракеттеринде жаңы бийиктиктерге умтулуунун символу болот.

КР БИМ маалыматтык саясат бөлүмү
Тел.: +996 554 445 566

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар