Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“МЕКТЕП ТАМАК-АШЫ: КЕЛЕЧЕККЕ КАМ КӨРҮҮ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 327

Бүгүн, 13-ноябрда, Билим берүү жана илим министрлигинде журналисттер жана блогерлер арасында жарыяланган “Мектеп тамак-ашы: келечекке кам көрүү” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

post.title

Сынак мектептеги туура тамактануу темасын кеңири жайылтууда жана бүткүл республика боюнча окуучулардын тамактануу шарттарын жакшыртууга багытталган.

Сынак төмөнкүдөй төрт номинацияда өттү: телекөрсөтүү, басма жана онлайн-ЖМК, радио жана блогосфера. Калыстар тобунун мүчөлөрү катышуучулардын материалдарын баалап, жеңүүчүлөрдү бир добуштан аныкташты. 

- “Телекөрсөтүү” номинациясы боюнча – “Мир” телеканалынын журналисти Аматбекова Аида;
- “Басма жана онлайн-ЖМК” номинациясы боюнча – “Кут билим” медиа борбору; 
- “Блогосфера” номинациясы боюнча – Нурдинова Умида;
- “Радио” номинациясы боюнча – Биринчи радионун баяндамачысы Чабдарова Таалайгүл;

Номинациялар боюнча ар бир жеңүүчүгө 150 миң сомдук сертификат менен дипломдор ыйгарылды.  
Министр Догдуркүл Кендирбаева жеңүүчүлөрдү куттуктап жатып келечектеги балдардын ден соолугу учурдагы туура тамактанууга байланыштуу экенин, коомчулуктун, ата-эненин бул багытта маалыматын, таза азык-түлүк боюнча түшүнүгүн, билимин кеңейтүүдө журналисттердин салымы чоң экенин баса белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду:

“Бизде 2013-жылдан бери БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана россиялык Тармактык тамактануу институтунун колдоосу менен мектептерде ысык тамак берилип келет. Учурда өлкө боюнча мектептердин 94% ысык тамак менен камсыз болду. Пайдалуу тамактардын аш тизме китеби жарык көрүп, ашпозчулардын жумушун жеңилдетти.

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдында жана кесиптик окуу жайларда ашпозчулар кесиптик чеберчилигин жогорулатып жатышат. Ошондой эле 12 жылдык билим берүүгө өтүп жатып, каалаган жогорку класстардын окуучулары мектептен эле ашпозчулук көндүмдөргө үйрөнө беришсе болот”.  

Министр мектеп аянтчалары да колдонулуп жатканын, окуучулар ал жактан STEM көндүмдөрүн пайдаланып ар түрдүү жашылча-жемиштерди өстүрүп жатышканын да кошумчалады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар