Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕКТЕ “МЕКТЕП ТАМАК-АШЫ: КЕЛЕЧЕККЕ КАМ КӨРҮҮ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНАТ

Көрүлдү: 247

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында “Мектеп тамак-ашы: келечекке кам көрүү” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот.

post.title

Сынак өлкөнүн бардык аймактарынан келген мыкты ЖМК өкүлдөрүнүн көңүлүн бурду. Сынак мектептеги туура тамактануу темасын кеңири жайылтууда жана бүткүл республика боюнча окуучулардын тамактануу шарттарын жакшыртууга багытталган Мектеп тамак-ашы улуттук программасын жайылтууда маанилүү этап болду.

Сынак Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан россиялык Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) колдоосу менен уюштурулду. Ал төрт номинацияда өткөрүлдү: телекөрсөтүү, басма жана онлайн-ЖМК, радио жана блогосфера. Журналистика жана тамактануу жаатындагы эксперттерден турган калыстар тобу катышуучулардын ишин кылдаттык менен баалап, ар бир категориядагы мыктыларды аныктады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар