Көрүлдү: 1005
Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери! 1924-жылы 7-ноябрда “Эркин Тоо” гезитинин (бүгүнкү – “Кыргыз Туусу”) биринчи саны жарыкка чыкканын эске салган Маалымат жана басма сөз күнү менен сиздерди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин атынан чын жүрөктөн куттуктайм! Бул маанилүү күн – Кыргызстандын бүткүл тарыхында, коомдун калыптанышында негизги ролду ойноп келген жана ойноп жаткан ата мекендик журналистиканын өнүгүүсүнүн башталышынын символу.
Өзгөчө сиздердин билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздарды баса белгилегим келет. Бүгүн, маалымат чагылгандай ылдамдыкта тарап жаткан чакта, сиздердин ишиңиздер коомго билим берүүдөгү эң маанилүү окуялардан, реформалардан жана жаңылыктардан кабардар болууга жардам берет. Сиздердин жардамыңыздар менен жарандарга, окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге болуп жаткан өзгөрүүлөр жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалыматтарды жеткире алабыз.
Билимди жана билим берүү демилгелерин жайылтуудагы сиздердин колдооңуздар бизге сабаттуу, маалыматтуу жана активдүү жаш муунду калыптандырууга чоң жардам берет. Билим берүү системасы менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы бул кызматташтык ар бир адам сапаттуу маалыматка жана билимге жетүү аркылуу өз потенциалын ишке ашыра алган өлкөбүздүн ийгиликтүү келечегинин негизи болуп калат.
Сиздерге чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана өчпөс шыктануу каалайм. Сөзүңүздөр ар дайым эркин, ишмердүүлүгүңүздөр коомго, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө багытталган болсун!
Урматтоо менен,
Министр Д.Ш. Кендирбаева