Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ № 57 МЕКТЕПТЕ БОЛГОН ОКУЯ ТУУРАЛУУ КЕҢИРИ МААЛЫМАТ АЛДЫ

Көрүлдү: 1267

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 6-ноябрда, Бишкек шаарындагы № 57 орто мектептин директорунун милдетин аткаруучу Айнура Сыдыкованы кабыл алып, аталган мектептин тарых мугалими менен окуучунун апасы катышкан окуя тууралуу кеңири маалымат алды.

post.title

Жолугушууда министр мугалимдерге психологиялык басым жасоо адеп-ахлактык нормаларга да сыйбай турганын белгилеп, директорго мектепте мугалимдерге болгон мамилени жакшыртуу жана мындай терс көрүнүштөргө жол бербөө керектигин эскертти.

Ошону менен бирге министр сабак учурунда мугалимдин ишине жолтоо болуп, аны окуучуларынын көзүнчө басмырлаган ата-эненин жоопкерчилиги да мыйзам чегинде каралууга тийиш деп кошумчалады.

Ошондой эле Д. Кендирбаева чуулгандуу окуядан кийин жумуштан бошонуп кеткен тарых мугалими менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын өз мектебине кайтып келүүсүнө же башка мектепке ишке орношуусуна шарт түзүп берерин билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар