Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: БИЛИМ БЕРҮҮ – КЕЛЕЧЕККЕ ЗАРЫЛ ИНВЕСТИЦИЯ

Көрүлдү: 471

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү темасына арналган Улуттук форумда сөз сүйлөп: “Билим берүү – келечекке зарыл инвестиция”, – деп баса белгиледи.

post.title

Министр билдиргендей, “Алтын Казык” программасы Кыргызстанда заманбап жана эффективдүү билим берүү системасын түзүүгө багытталган масштабдуу долбоор болуп саналат. 


«Алтын Казык» программасынын концептуалдык багыттары төмөнкүлөр:
•    Мектепке чейинки билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу: Максат – мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 40% жеткирүү – бала бакчаларды куруу аркылуу кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу, ваучерлерди, үй-бүлөлүк типтеги бала бакчаларды киргизүү, бала бакчалардагы уктоочу жайларды окуу мейкиндигине өзгөртүү ж.б. чаралар.


•    Мектептик билим берүүнү трансформациялоо: 12 жылдык окутуу форматына өтүү – билим берүү парадигмасын жана билим берүү стандарттарын алмаштыруу, жалпы билим берүүнүн дүйнөлүк стандарттарына негизделген жаңы окуу китептерин киргизүү, мугалимдерди методикалык колдоонун жаңы форматтары, Жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн бардык жерде пайдалануу, учурдагы мектеп инфраструктурасын кеңейтүү, чыңдоо жана жаңысын түзүү.


•     Башталгыч кесиптик жана орто кесиптик билим берүүнү чыңдоо: дуалдык окутууну, окутуунун кредиттик технологияларын, көз карандысыз сертификацияны жана валидацияны кеңейтүү, Алдыңкы тажрыйба борборлорун өнүктүрүү жана бүтүрүүчүлөрдүн ишкердүүлүгүн колдоо.


•    Жогорку кесиптик билим берүүнү трансформациялоо: жаңы муундагы университеттерди түзүү (4.0.), эл аралык рейтингдерге интеграциялоо жана илимий базаны, изилдөө лабораторияларын жана стартаптарды өнүктүрүү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар