Көрүлдү: 1265
2024-жылдын 25-октябрында Европа Биримдиги (ЕБ) Кыргызстанга 7 млн евро (648,7 млн сом) өлчөмүндө гранттык каражаттарды которду.
ЕБнын жардамы Кыргыз Республикасындагы мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана жынысына, улутуна, тилине карабастан бардык балдар үчүн мектептик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган. ЕБ менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биргелешкен аракеттери билим берүү системасы сунуштаган көндүмдөрдү жана квалификацияларды эмгек рыногунун жана азыркы демократиялык коомдогу жашоонун муктаждыктарына шайкеш келтирүүгө багытталган.
ЕБнын жардамы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин технология, инженерия жана математика (STEM) тармагындагы ишин колдоого, тактап айтканда, санариптик сабаттуулукту, медиа сабаттуулукту жана жашыл көндүмдөрдү жайылтууга багытталып, окуучулардын келечектеги жашоосуна натыйжалуу даярданууга өбөлгө түзөт.
7 млн евро суммасындагы транш 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн ЕБ тарабынан бөлүнгөн 27 млн евронун алкагындагы экинчи төлөм болуп эсептелет.
ЕБнын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Мэрилин Жозефсондун пикири боюнча, билим берүү жакырчылыкты кыскартуунун жана туруктуу экономикалык өсүштүн негизги фактору болуп саналат. Европадабы же Кыргызстандабы, балдарыбызды жана жаштарыбызды эртеңки өнүккөн мамлекетти куруу үчүн керектүү шаймандар жана көндүмдөр менен жабдуу өтө маанилүү.
“Баары үчүн тең укуктуу жана инклюзивдик сапаттуу билим берүү – Европа Биримдиги менен Кыргызстандын өнөктөштүгүнүн узак мөөнөттүү негизги артыкчылыгы», – дейт ал.
Белгилей кетсек, ЕБ Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашырууда негизги өнөктөштөрдүн бири болуп саналат.