Көрүлдү: 780
Окуучулардын саламаттыгын, алардын социалдык жана психологиялык бакубаттуулугун коргоо, манипуляциялардан жана мобилдик түзүмдөрдөн келип чыгуучу көйгөйлөрдүн алдын алуу, интернет чөйрөсүндө алгылыксыз маалымат менен санарип технологиялар аркылуу кордоолордун жана коркутуулардын бардык түрлөрү менен күрөшүү, бейпил жана коопсуз окуу процессин камсыздоо үчүн 2024-жылдын 30-октябрында Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 30-октябрындагы № 1646/1 буйругу чыкты.
Буйрукка ылайык Кыргыз билим берүү академиясы мугалимдер үчүн маалыматтык материалдарды даярдап, буллингдин жана кибербуллингдин алдын алуу жөнүндө презентация жасоого тийиш.
Билим берүү уюмдарынын жетекчилери дайыма буллингдин, кибербуллингдин, басмырлоонун жана суициддин алдын алуу үчүн тарбиялык иштерди жүргүзүшү, чогулуштарда окуучулардын ата-энелерине буллингдин жана кибербуллингдин зыяны тууралуу айтып бериши, балдардын уюлдук техникаларды колдонуусуна дыкат байкоо жүргүзүү зарылдыгын түшүндүрүшү, “Үй-бүлө – негизги тарбиялоо институту” деген темада түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.