Көрүлдү: 3878
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2024-жылдын 30-октябрындагы № 654 токтому менен Кыргыз Республикасында он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын бекитти.
Бул документ мектептик окутууну Кыргызстандын алдында турган чакырыктарга жана замандын талаптарына ыңгайлаштырууга багытталган өлкөнүн билим берүү системасында негизги өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө негиз болуп берет.
12 жылдык окууга өтүү жөнүндө концепция эл аралык стандарттарга жана башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү практикаларына негизденип, эксперттердин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Анын максаты – билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучуларда зарыл болгон заманбап көндүмдөрдү жана билимдерди өнүктүрүү, ошондой эле эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо.
12 жылдык окууга өтүү – бизге абдан ийкемдүү, инклюзивдүү жана инновациялык билим берүү системасын түзүүгө мүмкүндүк бере турган стратегиялык маанилүү кадам.
Маанилүү – мектеп бүтүрүүчүсүнүн жаш курагы эч кандай өзгөрбөйт жана 11 жылдык окуудагыдай эле бойдон калат. О-класс биринчи класс болот, мектепке балдар 6 жаштан тартып бара баштайт.
Концепцияга ылайык мектептик билим берүүнүн жаңы түзүмү мугалимдерди даярдоону жана кайра даярдоону, окуу стандарттарын жана программаларын түзүүнү жана ыңгайлаштырууну, мектептердин инфраструктурасын жаңылоону камтып, бир нече жылдын ичинде этабы менен киргизилет.
Ишке ашыруунун негизги этаптары:
- даярдоо этабы – 2021-жылдан 2025-жылга чейин. Бул мезгилде билим берүү стандарттары, программалар жаңыланат, мугалимдер окуудан өтүшөт, инфраструктура даярдалат.
- старттык этап – 2025-2026-окуу жылында 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй башташат.
Мектепке чейинки мекемелерде жана мектептерде “Наристе” программасын өткөн балдар жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтүшөт.
- өтүүлөр – бир окуучу – бир жолу өтүү. Эч ким классты бир жолудан ашык аттабайт. Кыргызстан мурда 11 жылдык окууга өткөн, азыр биз 12 жылдык окууга өтүп жатабыз.
Бардык өтүүлөр 2025/2026-окуу жылынан 2027/2028-окуу жылына чейин болот.
2025/2026-окуу жылында:
11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2015-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт.
11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2012-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.
2026/2027-окуу жылында:
11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2016-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт.
11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2013-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.
11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2010-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтөт.
2027/2028-окуу жылында:
11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2017-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт.
11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2014-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.
11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2011-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтөт.
Ошентип, окуу процесси 12 жылдык система боюнча жүрө баштайт.
Акыркы этап – 12 жылдык мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат 2027/2028-окуу жылынан баштап берилет.
Толук 12 жылдык мектептин биринчи бүтүрүүчүсү 2036/2037-окуу жылында (2019-жылы туулган) болот.
Билим берүү жана илим министрлиги коомчулукту, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы муунду глобалдык чакырыктарга даярдоонун негизи болгон билим берүүнү трансформациялоо процессине активдүү катышууга чакырат.