Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
STEM-ПРЕДМЕТТЕРДИН МУГАЛИМДЕРИ КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫНАН ӨТҮҮДӨ

Көрүлдү: 2325

2024-жылдын август айында өткөрүлгөн квалификацияны жогорулатуу курстарына даярдыктын алкагында ЮНИСЕФтин колдоосу менен “Мугалимди окут” (Teach the Teacher) программасы боюнча 88 улуттук мастер-тренер окутулду.

post.title

2024-жылдын 9-октябрынан баштап математика жана табигый илимдер, анын ичинде биология, химия, физика жана география боюнча мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары башталды.

Программа PISAнын компетенцияларын калыптандыруу аркылуу окуучулардын математикалык жана табигый илимдер боюнча сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Төрт күндүк оффлайн тренингдердин алкагында мугалимдерге заманбап билим берүү технологиялары сунушталып, натыйжалуу ыкмаларды билим берүү процессине киргизүү мүмкүнчүлүгү берилди.

Катышуучулар 5E – Кызыктыруу (Engage), Изилдөө (Explore), Түшүндүрүү (Explain), Кеңейтүү (Elaborate) жана Баалоо (Evaluate) – методикасын колдонуп, сабактардын жекече пландарын иштеп чыгышты жана мастер-тренерлерден онлайн ментордук колдоо алышты. Мастер-тренерлер эксперттерден да онлайн ментордук колдоо алышты, бул аларга билимдерин жана методикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бүгүнкү күндө мастер-тренерлер окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн жер-жерлерде мугалимдерге насаатчылык сунуштарын жана практикалык жардамын берип, 3 536 STEM-предметтеринин мугалимдерин окутушту жана 2 550 сабакты байкоодон өткөрүштү.

Квалификацияны жогорулатуу программасын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен биргеликте Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Курстардын кийинки этабы 2024-жылдын 4-ноябрында башталат. Программанын соңунда өлкө боюнча 15 885 STEM-предметтердин мугалимдеринин баарын окутуу пландалууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар