Көрүлдү: 416
29-октябрда министрдин орун басары Муратбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин алдындагы Майыптуулугу бар адамдардын иштери боюнча кеңештин (мындан ары – Майыптуулугу бар адамдардын иштери боюнча кеңеш) жыйынына катышты.
Майыптуулугу бар адамдардын иштери боюнча кеңештин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү шарттарындагы Психологиялык-медициналык-педагогикалык кеп-кеңештин (мындан ары – ПМПК) ишмердиги, Бишкек шаардык ПМПКны өркүндөтүү маселелери жана жолдору, ПМПКнын ролун жана мазмунун кайра карап чыгуу маселеси, ПМПКнын жаңы модели тууралуу баяндамаларды угушту жана жаңы жобону даярдоо үчүн пикир алмашышты.
Жыйындын катышуучулары, ошондой эле, Майыптуулугу бар адамдардын иштери боюнча кеңештин Балдар боюнча жумушчу тобунун иш планын талкуулап, бекитип беришти.