Көрүлдү: 1787
25-октябрда А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Келечек жөнүндө ойлонуп: Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында инклюзивдик көп тилдүү чөйрөнү өнүктүрүү” темасында улуттук форум өткөрүлдү. Форумда 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында көп тилдүү билим берүү программасын мерчемдөө тууралуу пикирлер жана сунуштар талкууланды.
ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку Комиссарынын кеңсесинин директору Марек Щигель форумдун катышуучуларына видеокайрылуу жасап, мектептерде балдарга эне тили менен кошо чет тил жакшы окутулуп жатканын, КР Билим берүү жана илим министрлигинин бул иш-аракеттери замандын талаптарына ылайык келерин белгиледи.
Форум көп тилдүү билим берүү тууралуу позицияларды билдирүүгө, сунуштарды берүүгө жана талкуулоого арналган.