Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МУНАЙ ӨНӨР ЖАЙЫНЫН АДИСТЕРИН ДАЯРДОО БОЮНЧА КЫРГЫЗ-КЫТАЙ КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Көрүлдү: 1537

24-октябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Хэбэй мунай кесиптик-техникалык университетинин ректору Юй Лиго баштаган делегация менен жолугушту.

post.title

Министрдин орун басары Расул Абазбек уулу Кытай Эл Республикасы менен билим берүү тармагында кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында өз ара аракеттенүүнүн ийгиликтүү натыйжаларын белгиледи.

Ошол эле күнү Исхак Раззаков атындагы КМТУ менен Хэбэй мунай кесиптик-техникалык университети биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, энергетика жана мунай тармактары үчүн адистерди даярдоо боюнча меморандум түзүштү.

Белгилей кетсек, Хэбэй мунай кесиптик-техникалык университети 1903-жылы Бэйян политехникалык мектеби катары негизделген жана учурда университетте 10 факультет жана 25 бакалавриат программасы бар.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар