Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУДАГЫ РОЛУН БЕЛГИЛЕДИ

Көрүлдү: 376

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 24-октябрда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өткөн “Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тил маселелери” форумунда университеттердин кыргыз тилин окутуудагы ролун белгиледи.

post.title

“Окутабыз жана башкаларга үйрөнүү үчүн шарт түзүп беребиз”, – деди министр. Ошондой эле ал четтен байкоо салып тургандын ордуна активдүү иш-аракеттерге өтүүгө чакырды.  

Форумда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ЖОЖдордун ректорлору жана эксперттер кыргыз тилин окутуу, окуу куралдарын даярдоо, болочоктогу адистерди кесиптик документтер менен иштөөгө окутуп-үйрөтүү абалын талкуулашты.

Иш-чара мамлекеттик тилди окутууну жакшыртуу үчүн ЖОЖдордун программасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар