Көрүлдү: 1060
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн биргелешкен жыйынында билим берүү жаатындагы кызматташтыктын натыйжаларын тааныштырды. Аталган иш-чара 21-октябрда Москва шаарында болуп өттү.
Министр “Чет жактагы россиялык мугалим”, “Интердом” программасы, Ачык билим берүү борборлору, Кыргыз-Россия билим берүү жаатындагы инновациялык чечимдер жарманкеси, Кыргыз-Россия билим берүү форуму сыяктуу долбоорлор жана иш-чаралар тууралуу айтып берди.
Ошондой эле ал кызматташтыкты бекемдөө үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин ортосунда жумушчу кесиптер боюнча биргеликте даярдануу тууралуу жол картасына кол коюлгандыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз-Россия Славян университети тууралуу жаңы макулдашуу ратификациялангандыгын кошумчалады.
Министр мамлекет башчылары колдоо көрсөтүп жатканын, муну 2023-жылдын 1-сентябрында кыргыз-россия мектептеринин курулушун баштоо аземине Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин катышкандыгы күбөлөндүрүп турганын белгиледи.
Догдуркүл Кендирбаева илимий-техникалык чыгармачылыкка, табигый-илимий циклдеги предметтерди окуп-үйрөнүүгө, инженердик мектептерди уюштурууга көмөктөшүү, натыйжалуу кесипке багыттоо жана инклюзивдик билим берүү сыяктуу алдыдагы иштердин багыттарын атады.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, министр Догдуркүл Кендирбаева: “Биздин туруктуу кызматташтыгыбыз биздин эң мыкты билим берүү практикаларыбызды гармонизациялоого дагы көбүрөөк өбөлгө түзөрүнө ишенем”, – деди.