Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ОШ ОБЛУСУНУН МУГАЛИМДЕРИ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИ ӨЗДӨШТҮРҮП ЖАТЫШАТ

Көрүлдү: 592

Ош билим берүү институтунда быйылкы окуу жылынын курстарына жаңылык катары “Билим берүү процессин уюштурууда жасалма интеллектти колдонуу” темасындагы лекция киргизилди.

post.title

Институттун информатика кабинетинин башчысы, аталган сабактын лектору Тынчтыкбек Досмуратовдун айтымында, мугалимдер жасалма интеллектти билим берүү тармагында туура жана натыйжалуу пайдалануу боюнча жаңы ыкмалар менен таанышышат.

Бул айдагы курстун катышуучусу, кыргыз тили жана адабияты мугалими Айпери Тажибай кызы лекция практикалык сабактар менен улантылып, анын жүрүшүндө мугалимдер педагогикалык ишмердүүлүгүнө жаңы технологияларды ийгиликтүү интеграциялоо жолдорун изилдешкенин белгиледи. Ошондой эле ал курс аяктагандан кийин нейросеттер боюнча үйрөнгөндөрүн өзүнүн мектебиндеги кесиптештерине бөлүшүүнү максат кылып жатканын кошумчалады.

#Жасалма_интеллект #OshBilim #AI

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар