Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Көрүлдү: 508

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жатат.

post.title

“Жылдын мыкты тарбиячысы” номинациясы боюнча:

1-орун – Ош шаарындагы №35 Асан-Үсөн мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Калмаматовна Махабат Арапбаевна;

2-орун – Бишкек шаарындагы №12 “Баластан” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Асыкбаева Асель Конокбаевна;

3-орун – Нарын облусунун Ат-Башы районунун “Казыбек-Жеткинчек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Мырзабекова Айзада Токтоналиевна.

“Жылдын мыкты усулчусу” номинациясы боюнча:

1-орун – Бишкек шаарындагы №127 мектепке чейинки билим берүү уюмунун усулчусу Кубаталиева Насип Кубаталиевна;

2-орун – Ош облусунун Өзгөн районундагы № 5 “Наристе”  мектепке чейинки билим берүү уюмунун усулчусу Абдималикова Акылзат Абдималиковна;

3-орун – Нарын облусунун Нарын шаарындагы №1 “Ата-Түрк” мектепке чейинки билим берүү уюмунун усулчусу Бегалиева Үмүт Ыбыраевна.

“Жылдын мыкты мамлекеттик тил мугалими” номинациясы боюнча:

1-орун – Бишкек шаарындагы №53 мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Сулайманова Аида Айтбековна;

2-орун – Ош шаарындагы №32 “Береке” мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Токтомуратова Жанара Өмүрбаевна;

3-орун – Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы “Коңгуроочо” мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Момбекова Жыпаргүл Токтомамбетовна.

“Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси” номинациясы боюнча:

1-орун – Бишкек шаарындагы №11 “Ак-Кеме” мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Дуйшеналиев Жумабек Сапаралиевич;

2-орун – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы №45 “Наристем” мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Асанов Бектур Мейманбекович;

3-орун – Ысык-Көл облусунун №10 “Жоогазын” мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Лутовинова Юлия Анатольевна.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-3-октябрь күндөрү “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсу тарбиячылар, методисттер, мамлекеттик тил мугалимдери, музыкалык жетекчилер арасында өткөрүлдү.

Конкурс 3 этаптан туруп, биринчи тур – конкурстун катышуучусунун кесиптик ишинин тажрыйбасын (анын ичинде ата-энелер менен иштөө) баяндоону, портфолиону камтыган өзү жөнүндө видеопрезентация көрсөтүү, экинчи тур – тесттик сыноону өткөрүү жана “Педагогикалык кырдаалдар” тапшырмаларын аткаруу, үчүнчү тур - санариптик көндүмдөрдү колдонуу менен мастер-классты көрсөтүүнү камтыды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар