Көрүлдү: 270
Бүгүн, 3-сентябрда, №99 кесиптик лицейде мугалимдер үчүн “SCAFFOLD – компетенциялар өмүр бою” аталышындагы иш-чара өттү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Европалык билим берүү фонду менен биргеликте уюштуруп, SCAFFOLDду колдонуу боюнча мугалимдердин көндүмдөрүн, тажрыйбасын жана ишенимин жогорулатууга арналган.
SCAFFOLD – бул 102 картадан турган колода, окутуучуларга окуу иш-аракеттерин иштеп чыгууга жана аларды пландаштыруудан баалоого чейин этап-этабы менен жетектөө үчүн иштелип чыккан.