Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЫКТЫ МУГАЛИМ: ЭКИНЧИ ТУР

Көрүлдү: 379

Учурда Бишкекте  “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” жана “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” сынагы өтүп жатат.

post.title

Кечээ сынактын биринчи турунда конкурсанттар ар кандай педагогикалык кырдаалдарда маселе чечүү боюнча тесттик сыноолордон өттү.

Тест 30 суроодон туруп, максималдуу 60 балл алуу керек. Биринчи турдун жыйынтыгы менен 40тан 60 баллга чейин алган катышуучу экинчи турга өттү.

Ошентип, 122нин ичинен 25 мугалим экинчи турда ат салышууда.

Конкурсанттар бүгүн мастер-класска катышат. Мастер-класста мугалим окуучулар менен иштөөдө кесиптик-инсандык компетенцияларын көрсөтө алат. Мында максималдуу балл 40.

Эскерте кетсек, сынак 5-октябрга чейин уланат. Бул чоң байге коюлган жана мугалимдер масштабдуу түрдө катышкан биринчи кесипкөй сынак. Биринчи орун алган мугалимге Бишкектен бир батирдин ачкычы тапшырылат.

Конкурстун максаты - башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү. Ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жатат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар