Көрүлдү: 278
Эртең, 1-октябрда, Ж. Баласагын атындагы КУУнун чоң азем залында «Билим берүү бардыгы үчүн: көп тилдүү билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу» аттуу улуттук форум өтөт.
Форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын БИМ өкүлдөрү, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун өкүлдөрү, эксперттер, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, бала бакча, мектеп, жогорку окуу жайлардын мугалимдери катышат.
“Көп тилдүү билим берүүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү ролу”, “Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу методикасына жаңы ыкмаларды жайылтуу”, “Мектепке чейинки билим берүүдө көп тилдүүлүктү өнүктүрүү” темасында баяндамалар жасалып, “Орус тилдүү мектептерде кыргыз тилин окутуудагы тажрыйбалар”, “Химия предметин англис тилинде окутуу тажрыйбасы”, “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн инновациялык ыкмалары”, “Көп тилдүү билим берүү шартында мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди окутуу” темасында мастер-класстар өткөрүлөт.
Аккредитациядан өтүү үчүн 0554 44 55 66 Гүлмира Үметалиевага кайрылыңыз