Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ПРЕСС-АНОНС: “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” ЖАНА “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” СЫНАГЫ БАШТАЛАТ

Көрүлдү: 503

Эртең Бишкекте жыл мугалими сынагы старт алат. Ал 5-октябрга чейин уланат. Бул чоң байге коюлган жана мугалимдер масштабдуу түрдө катышкан биринчи кесипкөй сынак. Биринчи орун алган мугалимге батирдин ачкычы тапшырылат.

post.title

Конкурстун максаты - башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү. Ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.

Бул иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жатат. 

Өткөрүү орду: Бишкек шаары, Газпром-Кыргызстан мектеби
Дареги: Токомбаев көчөсү, 23/11
Убактысы: 8.00

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар