Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫЗМАТТАШУУ: МЕКТЕПТЕРГЕ ДАГЫ 50 АВТОБУС

Көрүлдү: 212

“Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюму Кыргызстанга дагы 50 мектеп автобусун белекке берди. Бул тууралуу Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, "Евразия" кеңешинин төрагасы Алена Аршинова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

post.title

Төраганын айтымында, келишимдин алкагында "Евразия" буга чейин республикага эң заманбап коопсуздук стандарттары менен жабдылган 50 мектеп автобусун берген.

“Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүүнүн 100 жылдыгына карата республиканын алыскы аймактарындагы балдар үчүн дагы 50 автобус белекке берип жатабыз. Алыскы райондордон мектепке каттаган балдар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү. Мектеп автобустары “Евразиялык лицей” программасынын алкагында сатып алынган”, - деди А.Аршинова.

Ал эми билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева «Евразия» уюмунун жардамы менен алдыңкы билим берүү тажрыйбаларын киргизүү, STEAM окутууну күчөтүү үчүн Россия Федерациясынан мугалимдерди тартуу жана билим берүү туризмин уюштуруу пландалып жатканын билдирди. 

“Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму бүгүн дагы 50 автобусту биздин кичинекей балдарга берип жатат. Бул уюмдун билим берүүнү өнүктүрүүдөгү демилгелери үчүн ыраазычылык билдиребиз. Билим берүүдө чек ара жок. Ошону эске алуу менен биз билим берүү тармагындагы кызматташтыгыбызды улантабыз. Буюрса, Бишкек шаарындагы №28 мектеп толугу менен ремонттолот. Алдыңкы, заманбап үлгүдөгү мектеп болот деп ишенебиз. Ошондой эле аймактардагы 100 мектепте музыкалык үйлөмө оркестри пайда болот”, – деди министр Д. Кендирбаева.

Т. Усубалиев атындагы аянтта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э. Байсаловдун, билим берүү министри Д. Кендирбаеванын, РФнын Мамдуманын депутаты, «Евразия» уюмунун төрагасы Аршинова Алена, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Иманов Талантбектин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Винера Раимбачаеванын, саясат таануучу, эксперт Молдокеева Алинанын жана “Евразия” эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча автономдуу коммерциялык эмес уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусунда дагы 50 мектеп автобустарынын ачкычтары салтанаттуу түрдө тапшырылды. 

Эскерте кетсек, 11-сентябрда 50 автобус берилген. Жалпы Кыргызстанга 100 автобус өткөрүлүп берилди. Сентябрдын башында «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кызматташуу жана долбоорду өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюшкан.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар