Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
САПАТТУУ БИЛИМ ҮЧҮН КЫЗМАТТАШУУ

Көрүлдү: 223

Билим берүү жана илим министрлиги “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму менен бир канча долбоорлор менен кызматташат. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда, “Кабар” агенттигинде өткөн пресс-жыйында белгилүү болду.

post.title

Жыйында “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму “Евразияны тааны. Кыргызстан” долбоору менен тааныштырды. Бул долбоор Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн жаштарын салттуу руханий баалуулуктар аркылуу бириктирүүгө багытталган.

Мамлекеттик Думанын депутаты, «Евразия» коомунун төрагасы Алена Аршинова «Кыргызстан – «Евразияны тааны» программасын өнүктүрүүдө биринчи гана кадамыбыз. Биз бул долбоорду башка өлкөлөрдө да ишке ашырууну пландап жатабыз. Жаштардын көз карашын кеңейтип, аларга Евразия өлкөлөрүн көрсөтүү абдан маанилүү. Катышуучулар программа аяктагандан кийин да байланышын үзбөй, достук мамилеси өрчүп жатканын байкадык. Биз ошон үчүн иштеп жатабыз”, – деди жыйында.

Ал эми билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева «Евразия» уюмунун жардамы менен алдыңкы билим берүү тажрыйбаларын киргизүү, STEAM окутууну күчөтүү үчүн Россия Федерациясынан мугалимдерди тартуу жана билим берүү туризмин уюштуруу пландалып жатканын билдирди.

"Билим берүү жана илим министрлиги “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму менен бир канча долбоорлор менен кызматташат. Бул уюмдун билим берүүнү өнүктүрүүдөгү демилгелери үчүн ыраазычылык билдиребиз. Билим берүүдө чек ара жок. Ошону эске алуу менен биз билим берүү тармагындагы иштерибизди улантабыз. Буюрса, Бишкек шаарындагы №28 мектеп толугу менен ремонттолот. Алдыңкы, заманбап үлгүдөгү мектеп болот деп ишенебиз. Ошондой эле аймактардагы 100 мектепте музыкалык үйлөмө оркестри пайда болот”, – деди министр Д. Кендирбаева.

Долбоорго Азербайжан, Армения, Беларусь, Молдова, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин жаштары, адистештирилген жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү, студенттер, информациялык технология, өндүрүштүк технология жана биомедицина тармактарындагы жаш адистер катыша алат.

Алар Бишкектин кооз жерлерин кыдырып, Мамлекеттик тарых музейи, «Супара» этнокомплекси жөнүндө маалымат алып, республиканын тарыхы жана маданияты менен таанышат.

Эскерте кетсек, сентябрдын башында «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кызматташуу жана долбоорду өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюшкан.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар