Көрүлдү: 146
Учурда өлкөдө билим берүүнүн 100 жылдыгына карата Билим берүү марафону өтүп жатат.
Бул марафонго Кара-Кулжа районундагы Шарип Жээнбеков атындагы интернат-лицейинин кыздар ассоциациясы активдүү катышууда. Класстык бөлмөлөр, жыйындар залын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн каражат чогултулуп, мугалимдерге, ата-энелерге жана окуучуларга шык-дем берүү максатында мастер-класстар, тренингдер өткөрүлүп жатат.
Эскерте кетсек, “2023-2024-окуу жылындагы мыкты мектеп” тандоосунун катышуучуларына сыйлык тапшыруу 30-сентябрда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде уюштурулат.
Быйыл мыкты мектепти тандоого 122 окуу жай катышып, Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Т. Мойдунов атындагы жалпы билим берүү уюму алдыга чыккан.
Аталган иш-чара мыкты мектептердин алдыңкы тажрыйбаларын, билим берүү жана башкаруу ыкмаларынын үлгүлөрүн жайылтуу максатында уюштурулган.